Социалдык тармакка болжол менен Айгүл Жапарова менен Аспековдун инисинин жазышуусу жайылды
RU

Социалдык тармакка болжол менен Айгүл Жапарова менен Аспековдун инисинин жазышуусу жайылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактын кыргызстандык сегментинде болжол менен Айгүл Жапарова (президенттин жубайы) менен Азамат (божомолдоолор боюнча Мелис Аспековдун иниси) аттуу жигиттин жазышуусу жайылып кеткен.

Кат алышуу ватсап аркылуу жүрүп, анда үч датаны байкоого болот: 2021-жылдын 20-январы, 2021-жылдын 20-февралы жана "бүгүн" (белгисиз дата).

Көрсөтүлгөн телефон номерин GetContact тиркемесинде Айгүл Жапарова - биринчи айым, Садыр Жапаровдун жубайынын номери катары көрсөтүлүп жатат. Ондогон контактыларда ал Айгүл Жапарова, Садыр Жапаровдун аялы, биринчи айым катары жазылган. Бир-эки учурда гана кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуу максатында көрсөтүлгөнүн көрүүгө болот.

Кат алышуунун өзүндө кеп Мелис Аспеков жөнундө жүрөт. Анын иниси Айгүл Жапаровага Аспековду бошотууга жардам берүүсүн өтүнүп, "жаңылбаган пенде болбойт жеңе. Садыр [Жапаров] байке айкөл, агамдын ордуна мен кечирим сурадым өткөндө", - деп жазылган.

Ал агасы Мелис "саткын эмес" (предатель) экендигине ишендирет.

"Предатель болсо сизге паке-пакет кылып акча ташып жүргөндө эле алып кетмек, жеңе, суранам, жардам бериңиздер", - деп жазган жери бар.

Бул сөзгө Айгүл Жапарова, Мелис өзүн деле таарынткан эмес, деп жооп берет. Ага чейин Мелиске бир нече ирет эскертүү берилгенин айтат. "Мелиске айтылды эле токтот деп. Кичине токпейил болсо болмок", - дейт. Андан тышкары "байкең телефон менен сүйлөшүп жаткан. Жанакы акчаны берсе чыгарбайсыңарбы деп", - деп жазат.

"Анысын билем, жеңе. Просто түшүнбөстүк болуп турат бул жерде. Дашков менен Уландын оюнуна барыбыз ишенип алдык", - деп жазып, ошону менен кат жазышуу жыйынтыкталат.

Бул кат алышуу качан жаздырып алганы так белгисиз. Сөздүн жүрүшүндө Азамат "беш маал дуа кылам, Садыр байкенин самолету аман-эсен конуп алсын деп", - деп жазган жери бар. Февраль айынан тартып президент бир нече ирет учак менен учкан. Бул сөздөрдү тикелей мааниде эмес, метафора катары да түшүнсө болот.

Kaktus.media'нын редакциясы президенттин басма сөз кызматына кайрылган, бирок администрация азырынча бул кат алышуу боюнча комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1689