Кримчөйрөдө "Тапанча" деп таанылган ишкер кармалды
УКМК тарабынан криминалдык чөйрөдө "Тапанча" деп таанылган жеке ишкер кармалды. Мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, ал Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлугүн каржылоого шектелүүдө.
Белгиленгендей, учурда "Уюшкан топ түзүү же ага катышуу" боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Анын алкагында И.Б.Б. аттуу ишкер Камчы Көлбаев менен жакын байланышта болуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуу менен Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аффилирленген жактар аркылуу пляждык зоналарды көп санда тариздегени такталды.
Аты аталган ишкер 7-августта кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш жолу менен алынган башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоого багытталган тергөө иш-чаралар улантылууда.