Париждеги Паралимпиада оюндарына кыргызстандык 4 спортчу барат
795
Жайкы XVII Паралимпиада оюндарында Кыргызстандан төрт спортчу катышат. Оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин Франциянын борбору Париж шаарында өтөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрилиги берген тизмеге ылайык, төмөнкү спортчулар Паралимпиадага катышат:
- Пара-дзюдо - Маматибраим Суранов (73 кг);
- Пара-пауэрлифтинг - Миргүл Болоталиева (86 кг);
- Пара-триатлон - Айтунук Жоомарт кызы (коштоочусу Ангелина Блиндул);
- Пара-жеңил атлетика - Гүлназ Жүзбаева (коштоочусу Фернас Юлия).
Жайкы Паралимпиада оюндарында жалпы 22 спорттун түрүнөн 549 медаль топтому ойнотулат. Мелдештер Олимп оюндары уюштурулган спорттук жайларда өткөрүлөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17005