Саламаттыкты сактоо министрлиги вакцинанын бузулганын жашырбаган кызматкерлерге ыраазы
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги вакцинанын бузулганын жашырбаган кызматкерлерге ыраазы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги №2 поликлиниканын кызматкерлери "Спутник V" вакцинасы бузулуп кеткенин жашырбай ачык айтканына ыраазычылыгын билдиришти. Бул тууралуу министрдин орун басары Бакыт Джангазиев "Иш күндүн кечи" программасынын эфири учурунда айтты.

"Эң башкысы, бул вакциналар обороттон алынды. Ошону менен адамдын организмине сапатсыз вакцинанын сайылышын алдын алдык. Мен медкызматкерлердин бул тууралуу ачык айтууну коркпогонун белгилей кетким келип турат. Ашыкча жазалоо, теманы улам-улам козгой берүү жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Медиктер жаңылганын жашыра башташат. Ошондуктан, өз убагында билдирип, вакцинаны колдонуудан алынгандыгы үчүн медкызматкерлерге ыраазычылыгымды айтам", - деди Бакыт Джангазиев.

Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын айтымында, вакцинацияны жүргүзүу жана аны сактоого жоопкерчиликтүүлөр жазага тартылды. Бирок акыркы чечимди саламаттыкты сактоо министри жетектеген комиссия чыгарат, деп билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкекте Sputnik V вакцинасынын 994 дозасы жараксыз абалга келип, эсептен чыгарылууга аргасыз болгон. Күнөө №2 ҮМБда өчүрүлүп калган муздаткычта болгон. Бул боюнча беш адамга сөгүш жарыяланган: башкы дарыгер, анын орун басары жана эмдөө бөлмөсүнүн үч кызматкери.

Иммунопрофилактика борбору кабарлагандай муздаткычты телефонду кубаттоо үчүн кыска убакытка өчүрүп, кийин кайра туташтырууну унутуп коюшкан. Себеби ҮМБнын өзүнүн иликтөөсү жүрүп жатканда, розеткадан суурулган вилка жерде чаржайыт эмес, тыкан жатканы байкалган.

Материалдык зыянды төлөө №2 ҮМБга тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1701