Улукбек Марипов министрлер кабинетинин мүчөлөрүно жаны орун басрларын тааныштырды
RU

Улукбек Марипов министрлер кабинетинин мүчөлөрүно жаны орун басрларын тааныштырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Министрлер Кабинетинин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, ошондой эле Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө жаңы орун басарларын тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Марипов белгилегендей, алдыдагы негизги максат – республикада орун алган жеңил эмес экономикалык абалдан чыгуу.

"Министрлер Кабинетинин астына так милдет – экономикалык туруктуулукту камсыздоо, экономиканы өстүрүү жана жарандардын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу, инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү милдети коюлган. Буга катар мамлекет тарабынан алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткаруу зарыл, Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган инфраструктуралык жана социалдык обьектилерди калыбына келтирүү иштери сапаттуу деңгээлде жүргүзүлүшү тийиш. Мындан тышкары, калкты вакцинациялоо боюнча кеңири масштабдагы ишти жүргүзүү, жаңы тарифтик саясат боюнча түшүндүрүү иштерин улантуу керек. Өзгөчө көңүлдү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана чек ара маселелерин чечүүгө буруу зарыл", - деди Улукбек Марипов.

Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин ачык-айкын иш алып баруууа чакырды.

"Ар бир жарандын кайрылуусу ыкчам чечилиши керек. Адамдар айласы кеткендиктен Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгуусуна жеткирбөө керек. Эгерде ар бир мамлекеттик орган кайрылуулар менен ыкчам иш алып барса, бул бийлик органдарына карата ишенимди арттырып, жарандардын турмуш-шартын жеңилдетүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет", - деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1704