Мелис Аспековду УКМКнын СИЗОсунун СИЗО-1ге которушту
RU

Мелис Аспековду УКМКнын СИЗОсунун СИЗО-1ге которушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мелис Аспековду УКМКнын СИЗОсунун СИЗО-1ге которушту. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматрлери билдиришти.

Алардын айтымында, бүгун, 21-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Мелис Аспековду УКМКнын СИЗОсунан Бишкектин СИЗО-1ге которулушу тууралуу токтом чыккан.

Эске салсак, 2021-жылдын январь айында жарандык активист Мелис Аспеков жана блогер Улан Джураев $250 миң опузалады деген шек менен камакка алынган болчу. Алар "Кыргыз Темир Жолу" УК Мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылды деп шектелген. Тергөөнүн версиясы боюнча алар Садыр Жапаровдун жакындары экенин айтып, Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен акча каражаттарын талап кылышкан. Кийин Улан Джураев үй камагына бошотулган.

Бул кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилген. Биринчи отурум качан өто турганы азырынча белгисиз. Мелис Аспеков шайлоо учурундагы Садыр Жапаровдун үгүт иштери жана анын командасы тарабынан жасалган мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөрду жасап жаткандыгы, ва-банк барып жатканы деп түшүнсо болот. Анткени буга чейин Садыр Жапаровдун ишенимдүү кишилеринин бири болуп жүрүп, камакка алынганга чейин бир да жолу ачык айткан эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1705