Канат Каниметов тергөөчүнү сотко берди. Андан мурун ал УКМКга суракка чакырылган болчу
RU

Канат Каниметов тергөөчүнү сотко берди. Андан мурун ал УКМКга суракка чакырылган болчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-майда Аламүдүн райдондук сотто "Апрель" телеканалынын журналисти Канат Каниметовдун Аламүдүн райондук терөөчүгө карата даттануусунун негизинде соттук отурум башталды. Андан мурун тергөөчү журналистти Абдил Сегизбаевдин иши боюнча суракка чакырткан болчу. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Институт медиа полиси билдирди. Алар сотто журналисттин кызыкчылыгын коргоп жатышат.

Мындан мурун "Апрель" телеканалынын журналистине "Майда бейбаштык" беренсенин негизинде иш козголгон болчу.

Алгач бул иш Ысык-Көл облусунун ОИИБсинин тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилген, ал Каниметовдун туулган жери Балыкчы шаарынан журналист жана анын жакын туугандары тууралуу персоналдык маалымат чогулта баштаган. Бирок, андан кийин иш Аламүдүн РИИБсине өткөрүлүп берилген.

12-майда Каниметов социалдык тармакка пост жайгашытруу фактысы боюнча күбө катары сурак берүүгө чакыртылган. Сурак учурунда Каниметов анын конституциялык укугуна жеке пикирин билдирүү жана сөз эркиндиги кире тургандыгын белгилеген. Ал эми, ал чыгарган маалымат кызматтагы чиновниктердин айрымдарынын аброюна шек келтирип жатат деген пикирде болсо, өз укугун коргоо үчүн жарандык тартипте сотко кайрыла алат, деп айткан.

Сурактан кийин сурак алуучу сотко чейинки өндүрүштүн данныйларын жайылтпоо боюнча колкатка (подписка) кол коюсун өтүнгөн, бирок эмне себептен журналист ага кол коюшу керектигин түшүндүрө алган эмес.

"Каниметов колкатка: "Макул эмесмин, арызданам", - деп жазган. Сурак алуучу документке адвокаттын кол коюсун талап кылган эмес. Учурда биз ИИБнин сурак алуучусунун иш аракетине арызданып сотко кайрылып жатабыз", - деп Медиа полиси институтунун юристтери белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1713