Марипов Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү
RU

Марипов Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы Абдулла Ариповду 60 жылдык юбилейи менен куттуктап, Өзбекстан Республикасынын бакубат гүлдөп-өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүк жана достук маанайдагы коңшулук мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө болгон ниетин тастыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1716