Акылбек Жапаров цирктеги оңдоо иштерин текшерди. Сүрөттөр
RU

Акылбек Жапаров цирктеги оңдоо иштерин текшерди. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркин ноябрда ачуу пландалууда. Белгилесек, учуда цирктин имаратында капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Акылбек Жапаров цирктеги реконструкциялоо иштери менен таанышып, кызматкерлерге, келген конокторго, цирк жаныбарларына түзүлүп жаткан шарттарды, ошондой эле цирк оюндары көрсөтүлүүчү аренаны, имараттын ичинде жана сыртында жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыкты.

Ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясына жана куруучуларга оңдоо иштерин өз убагында бүткөрүү, сапаттуу жүргүзүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берип, өзгөчө цирктин айланасы жеке тараптарга ижарага бербилбеши керектигин эскертти.

Кыргыз мамлекеттик циркинин капиталдык реконструкциялоодон өткөрүлгөндөн кийинки ачылышы - ушул жылдын ноябрь айында Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата пландалууда.

Белгилей кетсек, цирктеги оңдоо иштери Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2023-жылы башталган.

Учурда цирктин жалпы штаттык бирдигинде 180ден ашуун кызматкер эмгектенет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17228