Улукбек Марипов: Тажикстан аркылуу кыймылды толук токтотуу чечими кабыл алынды
RU

Улукбек Марипов: Тажикстан аркылуу кыймылды толук токтотуу чечими кабыл алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстан менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылды толук токтотуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

"Жакында көйгөйлүү маселелерди чечүүгө чейин Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылды толук токтотуу чечими кабыл алынды. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечүү менен катар биз чектерибизди чыңдоо максатын коюудабыз. Ал үчүн биздин чек арачылар үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүдөбүз. Мамлекетик чек араны чыңдоо маселесинде жергиликтүү тургундар маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан сиздерди сабырдуулукка жана түшүнүшүүгө чакырам. Чектеш аймакта жашоонун маанисин мында жашаган тургундар мыкты түшүнөт. Мен ар дайым бул адамдарды элибиздин баатырлары катары белгилеп келем. Дагы бир ирет кайталап кетем: биздин негизги максатыбыз – карапайым калктын жашоо-турмушун жакшыртуу. Ал үчүн зарыл нерселерди биз ырааты менен биргеликте ишке ашырабыз", - деп Марипов жазган.

Эске салсак, 28-апрелден тартып 1-майга чейинки кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтин натыйжасында Кыргызстан тараптан 36 адам, анын ичинде эки бала каза болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирип, анын ичинен тогузоо аскер кызматкерлери экенин маалымдаган.

Кыргызстандын башкы прокуратурасы Тажикстанды куралдуу басып алуу аракетин көрдү деп айтыптаса, ошондой эле билдирүүнү Тажикстан да Кыргызстанды айыптап жасаган.

1-майда тараптар элдешип, делимитация жана демаркация процессин жыйынтыктоону чечишкен. 1924-1927-жылдардагы карталардын колдонулушуна тажик тарап басым кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1722