Журналист Канат Каниметов сотттон утуп чыкты. Эми
RU

Журналист Канат Каниметов сотттон утуп чыкты. Эми

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-майда Аламүдүн райондук соту журналист Канат Каниметовдун ИИБ тергөөчүсүнө карата жазган доо арызын канаттандырды. Тергөөчү журналистти суракка алгандан кийин маалыматты жайылтпоо боюнча колкат алган болчу. Бул тууралуу Kaktus.media'га аниметов өзү жана анын "Институт Медиа Полиси" коомдук фондундагы өкүлдөрү айтып беришти.

Эске салсак, Канат Каниметовго карата КРдин Жазык кодексинин 119 "Майда бейбаштык" беренсенин негизинде иш козголгон болчу. КЖБРде негиз катары 2021-жылдын 3-февралындагы Каниметовдун социалдык тармактагы посту жазылган. Анда журналист блогер Юлия Барабинанын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүнө байланыштуу бийликке сын айтып жазган болчу. Бул пост "өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын бузулушуна алып келет", деп айтылган.

12-майда Каниметов социалдык тармакка пост жайгашытруу фактысы боюнча күбө катары сурак берүүгө чакыртылган. Сурактан кийин сурак алуучу сотко чейинки өндүрүштүн данныйларын жайылтпоо боюнча колкатка (подписка) кол коюсун талап кылган. Каниметовдун жактоочулары кылмыш-процессуалдык мыйзам бекиткен укуктардын бузулгандыгы орун алгандыктан, сурак алуучунун иш аракетине даттанышкан. Бүгун, райондук сот Каниметовдун жактоочуларынын арызын канааттандырды.

Блогерлердин ишин иликтөө уланып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1723