Президент Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышуу үчүн Казакстанга жөнөп кетти
RU

Президент Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышуу үчүн Казакстанга жөнөп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта, мамлекет башчы бүгүн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катыша турганы айтылган.

Эскерте кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Астанада 8-13-сентябрда өтөт. Ачылыш аземи бүгүн Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17248