Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн
490
Республиканын аймагында 9-10-сентябрь күндөрү аба ырайы туруксуздашып, нөшөрлүү жаан-чачын жаайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертип, сел коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеп, таштанды таштабоо;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыкты камсыздоо;
- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетүү;
- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп коюу.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17260