Жогорку Кеңештин депутатынын кабинетинде спецназдар тинтүү жүргүздү
RU

Жогорку Кеңештин депутатынын кабинетинде спецназдар тинтүү жүргүздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүндө спецназдын кызматкерлери жүрөт. Депутат өзү спикер Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация менен Өзбекстанда жүрөт.

Молодобекова мүчө болгон "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев Kaktus.media сайтына укук коргоо органдары эч кандай окуя боюнча фракцияга маалымат бербегенин, спецназдын келиши эмнеге байланыштуу экенин билбей турганын билдирди.

Кийинчерээк Жанар Акаев парламенттеги жыйында тинтүү Гүлкан Молдобекованын өзүнө тиешелүү эместигин айтты.

"Молдобекова өзү чет өлкөдө жүрөт. Иш бөлмөсүндөгү тинтүү башка маселеде жана ага эч кандай тиешеси жок", - деди Акаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17308