Баланы "эшикке жат" деп бөлмөдөн чыгарып, видеого тарткан киши аныкталды
RU

Баланы "эшикке жат" деп бөлмөдөн чыгарып, видеого тарткан киши аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка 12-сентябрда балага жаман сөздөрдү айтып, "эшикке жатасың" деген кишинин видеосу тарады. Интернет колдонуучулары баланы кордогон кишини тез арада жоопко тартуу керек деген тынчсызданууларын билдирип чыгышты.

Кийинчерээк Ош облустук ички иштер башкармалыгы видео факты дароо эле Алай РИИБинде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын кабарлады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видеону тарткан киши Алай районунун 1985-жылы туулган И.Т. аттуу тургуну экендиги аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди.

"Алгачкы маалыматтар боюнча, И.Т. жубайы менен пикир келишпестиктен улам ушундай аракетке барганын, аны коркутуп коюу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөндүгү маалым болгон", - дешет милициядан.

Учурда окуяга катыштыгы бар жарандар суралып, текшерүү уланууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17323