Ата-энеси зомбулук көрсөттү делген дагы бир бөбөктүн окуясынын чоо-жайы
RU

Ата-энеси зомбулук көрсөттү делген дагы бир бөбөктүн окуясынын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто дагы бир бөбөк үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандыгы тууралуу видео интернетке жарыяланды. Анда бала ата-энеси урганын айтып, көгөргөн жерлерин көрсөткөн.

Аталган видео боюнча Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам текшерүү иштерин баштап, үй-бүлөнү аныктады. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.

Такталгандай, атасы 1985-жылы туулган, апасы 2002-жылы туулган, ал эми бала 2019-жылы туулган, үй-бүлө учурда Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө убактылуу батирде жашайт.

Алар бүгүн, 14-сентябрда милиция бөлүмүнө жеткирилди. Келиндин айтымында, бала биринчи турмушунан. Учурда 8 айлык боюнда бар. Аял күйөөсү баласын эч качан урбагандыгын айтып, шоктонсо гана урушуп коёт деп көрсөтмө берди.

"Балам аябай шок. Мурдагы убактылуу жашаган жерибизде эки күн катары менен короодогу унааларга, үйдүн терезелерине таш ыргытты. Ошондо урушуп койгонум чын, бардык эле апалар урушмак. Анан бизге өчөшүп ошол жердеги жашоочулар балама конфет берип, алдап видеону жаздырып алыптыр", - деген келин.

"Ал эми аялдын күйөөсү балага таптакыр кол тийгизбегендигин айтууда. Тергөө кызматы тарабынан аялдын жана анын күйөөсүнүн көрсөтмөлөрү текшерилет. Күбөлөр суралат. Баланын денесине социалдык жактан коргоо кызматкерлеринин катышуусу менен кароо жүргүзүлөт. Тергөө кызматынын чечими менен кошумча тааныштырабыз", - дешти башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17344