Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барат
RU

Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров 17-сентябрда Казакстан Республикасына иш сапар менен барат. Бул тууралуу президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Сапардын алкагында президент Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат. Тараптар регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө Борбор Азия регионунун Германия Федеративдүү Республикасы менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат", - дейт Азымбакиев.

Ошондой эле Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия ишкерлери менен жолугушуусуна катышып, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу, ошондой эле Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17368