Нурланбек Шакиев: "Парламент тарайт экен" деген кептер суу кечпейт
RU

Нурланбек Шакиев: "Парламент тарайт экен" деген кептер суу кечпейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев учурдагы саясий кырдаал жана болуп жаткан окуялар тууралуу билдирүү жасады. Ал депутаттарга кайрылып, эскертүү берди.

"Акыркы күндөрү "экөөнү эриктирбеген, бирөөнү зериктирбеген" саясатчылар, айрым ушак-айыңга жакын адамдар "өлкөдө өзгөрүүлөр болот экен, референдум болот экен, парламент таркайт экен, депутаттардын саны кыскарат экен" деген сыяктуу ушак сөздөрдү чыгарышууда. Бул айтылгандардын бардыгы суу кечпеген сөздөр. Бизде саясий туруктуулук камсыздалган, натыйжада экономикабызда да жогорку көрсөткүчтөр болууда. Андыктан, өлкөдө эч кандай олуттуу саясий окуялар болбойт. Алдыда 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге карата даярдыктар жүрөт. Биз ошол шайлоону татыктуу, таза өткөрүшүбүз керек. Бул боюнча бүгүн өлкө жетекчилиги менен да сүйлөштүк. Бардыгы мыйзам чегинде, өз мөөнөттөрүндө болот", – деген төрага ушак-айыңга чекит коюуга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17387