Аспеков менен чогуу кармалган блоггер Улан Жураевге сот өкүмү чыкты
RU

Аспеков менен чогуу кармалган блоггер Улан Жураевге сот өкүмү чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пара талап кылууга шектелип кармалган блогер Улан Жураев соттолду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Жураев камакка алынгандан кийин бир нече убакыттан кийин соттун чечими менен бошотулган.

Бүгүн, 25-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 260 миң сом айып пул коюлуп Жураевди соттогону белгилүү болду.

Эске салсак, Мелис Аспеков менен Улан Жураев 2021-жылдын январь айынын башында "Кыргыз Темир Жолу "мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынан 250 миң доллар талап кылган" деп шектелип кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар өздөрүн Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамдары катары көрсөтүп, ишкананын адамдарын коркутууга алышкан. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан мамлекеттик ишкананын ишине аудит жүргүзүлүп, Улан Жураев үй камагына чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1741