"Ала-Тоо" аянтында оттуу фонтандар пайда болду
1527
Бишкекте борбордук "Ала-Тоо" аянтын реконструкциялоо иштери аяктап, ачылыш аземи кечээ, 21-сентябрда болуп өттү.
Иш-чара фейерверк, эстрада жылдызынын катышуусунда концерттик программа менен коштолду.
Кыргызстанда биринчи жолу бийиктиги 21 метрге жеткен бийлеген оттуу фонтандар пайда болду.
slide 2 of 4
Ошондой эле кыймыл мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн лампалары бар ыңгайлуу пандустар орнотулуп, аймак бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болуп калды.
Белгилей кетсек, Ала-Тоо аянты 1984-жылы Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата курулган. 40 жыл өткөндөн кийин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата реконструкцияланган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17430