Колониядан камакта отургандар качуу аракетин көрүштү. Бирөөсү набыт болду
RU

Колониядан камакта отургандар качуу аракетин көрүштү. Бирөөсү набыт болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Молдовановка айылындагы зонадан камакта отургандар качуу аракетин көрүшкөн. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына КРдин Жазаларды аткаруу кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, 25нен 26-майга караган түнү, саат 02:40та Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 ЖАМК мекемесинен 1963-жылы туулган Т.Т. жана 1999-жылы туулган К.И. качып кетүү аракетин көрүшкөн.

Түрмөнү кайтаруу жана камактагыларды конвой менен коштоо департаментинин аскер кызматкери камакта отургандардын тыюу салынган аймакта жүргөнүн көрүп, асманга аткан. Андан кийин кылмышкерлердин өзүнө аткан. Натыйжасында бирөөсү каза болуп, экинчиси колго түшүрүлгөн.

Камакта отургандар өзгөчө оор кылмыш (киши өлтүрүү жана жашы жете электи зордуктоо) жасагандыгы үчүн жазасын тартып жатышкан.

Качкындар 10 жана 21 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1743