5300 сомдон. Көмүр тартыштыгы быйыл орун албайбы? Топ-базадан репортаж
RU

5300 сомдон. Көмүр тартыштыгы быйыл орун албайбы? Топ-базадан репортаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл өлкөдө көмүр тартыштыгы орун албайбы? Баасы канча сомдон? Мындай суроолор биздин редакцияга август айында эле келе баштаган. Мындан улам Kaktus.kg редакциясы Бишкекте 15-сентябрдан тарта көмүр сатыла баштаган 10 базанын бирине барып, көмүр баасын билип кайтты.

3500 сомдон ашпайбы?

26-августта Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда 15-сентябрдан тартып көмүрдүн баасына үч айлык мөөнөткө убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилерин билдирген болчу. Анда 90 күнгө көмүрдүн эң жогорку баасы коюлуп, буйруктун аткарылышын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлгө алган.

Буга ылайык, көмүрдүн баасы бекитилип, учурда "Кыргыз көмүрдүн" топ-базаларында 5300 сомдон сатылып жатат. Базалардын биринде иштеген сатуучу Кенжекул Асанов учурда көмүр сатып алгандар былтыркыга караганда азыраак экенин, элдин көпчүлүгү бир суук түшмөйүнчө албай жүрө беришерин айтат.

"Кыргыз көмүр" менен иштешип жатабыз. Мамлекет коюп берген баа менен сатып жатабыз. Азыр көмүр жеткиликтүү эле. Күнүнө 150-200 тонна келет. Ал эми күнүнө 70-80 тонна сатылып жатат.

Аба ырайына байланыштуу азыр эл аз келип жатат. Суук түшмөйүнчө дегендей. Былтыр бул кезде элдин 40 пайызы көмүр алып бүткөн болчу. Азыр өтө эле аз", - дейт сатуучу.

Сатуучу көмүрдүн тоннасын 5300 сомдон сатып жатканын айтып, суук түшсө да бул баа өзгөрүлбөйт деди.

Жеке менчик компаниялар канча сомдон сатып жатат?

Бишкекте "Кыргыз көмүр" ишканасы уюштурган топ-базалардан тышкары жеке менчик компаниялар да көмүр сатышат. Алардын базалардында деле көмүрдүн тоннасы 5300 сомдон сатылууда. Сатуучу Фархад Кожогелдиев ирик көмүр 6000 миң сомдон сатылып жатканын кошумчалады.

"Кара-Жыра, Беш-Сарынын көмүрүнөн базада 500 тоннадай бар. 5000 сомдон, 5300 сомдон, ирик көмүрлөр 6000 сомдон сатылып жатат. Бүгүнкү күндө көмүр алгандардын саны былтыркыга салыштырмалуу аз эле. Көбү газга өткөндөрүн айтышууда", - деди сатуучулардын бири.

"Аймактарда 4200дөн 6000 сомго чейин баа коюлат"

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Кайрат Маматов Бишкектеги көмүрдүн баасы 5300-5400дүн тегерегениде болорун билдирип, кара отундун баасын Монополияга каршы мамлекеттик агенттик бекитерин айткан. Маматовдун айтымында, аймактардагы көмүрдүн баасы 4200 сомдон 6000 сомго чейин болот.

"Республика боюнча көмүргө 4200 содон 6000 сомго чейин баа коюлат. Себеп дегенде, жолдун логистикасы бар да. Кээ бир кендердики алыс болот, кээ бир кендер жакын жайгашат. Ошол үчүн ар бир райондо өзгөрмөлүү болот. Биз быйыл көмүр менен маселе болбойт деп ишенебиз. Себеби, жаңы кендерди ачуу аракетин көрүп жатабыз", - дейт мамлекеттик ишкананын директору.

Мамлекеттик көзөмөл

Кара отундун баасын жөнгө салыш үчүн ушундай эле мамлекеттик көзөмөл 2023-жылдын 25-октябрында да киргизилген.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө жылытуу мезгилинде калк 1 млн тоннадан көп көмүр керектейт. Жыл сайын күз-кыш мезгилинде көмүр сатыла турган базалар ачылат. Адамдар өзгөчө кышында кара отундун баасы кымбаттап кетерин айтып, арызданышат.

Кыргызстандагы отузга жакын көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан.

Бишкектеги көмүр сатуу пункттары

  • ИП "Момунбаев Ж.К." дарек: Бишкек шаары, Айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилиши.
  • ИП "Аккулаков Н.Ж." дарек: Бишкек шаары, Достоевский-Анкара көчөлөрү 97 К.
  • ИП "Абиев Н.А. дарек: Бишкек шаары Алыкулов көчөсү 6 Б.
  • ИП "Асаналиев Н.Т." дарек: Бишкек шаары, Кара-Жыгач жаңы конушу, Оберон-Сары Өзөн көчөлөрүнүн кесилиши.
  • ИП "Максатбек у Э." дарек: Төмөнкү-Ала-Арча айылы, Айланма жол менен Киргизская көчөсүнүн кесилиши.
  • ИП "Анарбекова М.Ж." дарек: Бишкек шаары, Киргизская көчөсү, контур №902.
  • ИП "Тажиев Э.А." дарек: Бишкек шаары, Келечек жаңы конушу 14, тилке №15/1 ("Ак Жар").
  • ИП "Асанкул у К" дарек: Бишкек шаары, Мурманск 1 Б.
  • ИП "Токоев У.Б." дарек: Төмөнкү-Ала-Арча айылы, Курманалиев көчөсү.
  • ИП "Сапарбек уулу А." дарек: Ленин айыл аймагы, Айланма жол, контур: 964-965.

Көмүргө максималдуу баа коюлду

14-сентябда Монополияга каршы кызмат Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 "Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна ылайык, Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 19-августундагы №78 буйругун аткаруу максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2024-жылдын 15-сентябрынан тартып көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизгенин маалымдады.

Аталган мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын облустары, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээли белгиленди. Тизме төмөндө:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17444