Чүй облусундагы аким Ошко которулуп, Ош облусундагы аким Ысык-Көлгө дайындалды
RU

Чүй облусундагы аким Ошко которулуп, Ош облусундагы аким Ысык-Көлгө дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын алты облусунун (Баткен облусунан башка) райондорунун акимдерин ротациялаган. 19 аким ротацияланды, 18 аким аймактык кадрлар резервинен дайындалды.

19 акимдин ичинен жетөө Жалал-Абад облусундагы башкы райондорго, бешөө Ош жана Чүй облустарына, экөө Ысык-Көлгө которулган. Талас жана Нарын облустарындагы акимдер облустук кадрлар резервинен гана дайындалган.

Kaktus.media редакциясы ротацияланган жана жаңы акимдер жөнүндө маалыматты ачык булактардан чогултуп, "жаңыланган" район акимдеринин бардыгы эле кынтыксыз аброй менен төш кага албайт деген бүтүмгө келди.

Турусбек Ногоев

  • Чүй облусунун Жайыл районунун акими болчу:
  • Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды

Ички иштер министри катары Абдылда Суранчиев ИИМдин ыкчам маалыматы боюнча уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар 20га жакын адамдын ысымын жарыялаган. Тактап айтканда, ал Жайыл районунун акими Турусбек Ногоевдин дагы атын атап өткөн. Суранчиевдин маалыматы боюнча, Ногоев Алмазбек Бокушевдин өкүл баласы.

2016-жылдын аягында аким Ногоевге сөгүш жарыяланган. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ногоев "калк менен иштөөдө пассивдүүлүгүн көрсөткөн".

Руслан Мейматкулов

  • Ош облусунун Өзгөн районунун акими болчу:
  • Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими болуп калды

2020-жылдын 3-ноябрында Садыр Жапаров менен Ош шаарынын тургундарынын жолугушуусунда өзүн Өзгөн районунун тургунумун деп тааныштырган аял камактагы Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин уулу алардын районуна аким болуп калганына нааразычылыгын билдирген.

2020-жылдын 21-октябрында Өзгөн районунун акими болуп келген Руслан Мейматкулов жергиликтүү ММКлардын бирине берген маегинде бул маалымат чындыкка дал келбестигин жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен туугандык байланышы жок экендигин белгилеген.

Жыргалбек Шакиев

  • Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими болчу
  • Чүй облусунун Чүй районунун акими болуп дайындалды

Жыргалбек Шакиев, Курманбек Бакиев мамлекет башчысы болуп турганда анын басма сөз катчысы болуп иштеген Нурлан Шакиевдин бир тууганы. Нурлан Шакиев ошондой эле 2019-жылдын июль айында качкын президент жөнүндө сенсациялуу тасма көрсөткөн NewTV телеканалынын башкы директору болгон.

Данир Иманалиев

  • БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын кеңешчиси болчу:
  • Ош облусунун Ноокат районунун акими болду. Дайындоо облустук кадрлар резервинен жүргүзүлдү.

Данир Иманалиев "Биримдик" жана "Мекеним Кыргызстан" партияларынан мурдагы талапкер. Ал эми 2020-жылдын декабрь айынын башында Иманалиев БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын кеңешчиси болгон.

Мирлан Карагулов

  • Чүй облусунун Москва районунун акими болчу:
  • Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими болуп дайындалды

2018-жылдын март айында Бишкек-Ош жолунун Риом Авто унаа базарынын жанында түн ичинде жол кырсыгы катталган. Анда Мазда менен Мерседес-Бенц кагылышып кеткен. Ошол айдоочулардын бири дал ушул Москва районунун акиминин орун басары Мирлан Карагулов болчу. Кырсыктын күбөсү чиновник мас абалда болгонун айткан. Ал эми Карагулов өзү бул дооматты четке каккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1745