Эркин Мамбеталиевдин 5 миллион долларлык мүлкү мамлекетке өттү. Тизме
1204
УКМК тарабынан Эркин Мамбеталиевдин наркы 5 миллион доллардан ашкан мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлдү.
Мамкомитеттен кабарлашкандай, Ысык-Көл облусу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Эркин Мамбеталиевдин кылмыш жолу менен тапкан мүлктөрү мамлекеттин балансына өткөрүлдү.
Тактап айтканда:
- Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан "Эдельвейс" эс алуу борбору;
- Бишкек шаарындагы 3 жана 2 бөлмөлүү батир;
- Lexus LX 570 жана Dodge RAM маркасындагы эки унаа;
- гидроцикл, квадроцикл жана улуттук кийизден жасалган боз үй.
Жогоруда аталган мүлктөр 5 млн 716 миң 307 доллар же 489 млн 886 миң сомго бааланган.
slide 2 of 11
Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17474