Кыргызстан Душанбеден учак менен келген тажикстандык жарандарды кайра артка жөнөттү
RU

Кыргызстан Душанбеден учак менен келген тажикстандык жарандарды кайра артка жөнөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Чек ара кызматы "Манас" эл аралык аэропортуна Душанбеден келген Тажикстандын жарандарын киргизбей койду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Белгиленгендей, кечээ, 25-майда Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниясынын чартердик рейси Кыргызстанга келген, анын бортунда Тажикстандын 189 жараны жана чет мамлекеттердин тогуз жараны болгон.

"Биздин маалыматыбыз боюнча, чек ара кызматынын чектөөлөрүнө байланыштуу тажик жарандарынын өтүүсүнө тыюу салынган. Үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары каттоодон өтүп, Бишкекте калышкан. Тажик жарандары менен учак кайрадан Душанбеге учуп кетти", - деп түшүндүрүштү МАМдан.

МАМ Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда көптөн бери каттамдар болбогонун жана бул чартердик рейс экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматынан Kaktus.media редакциясы пандемияга байланыштуу өткөрмө бекеттерде кыймыл чектелгенин тактаган. Бирок эки мамлекеттин жарандары өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга өтүп, башка мамлекеттерге транзит менен өтүшсө болот.

Эми өткөрүү пункттары мекенине кайтып келе жаткандар үчүн гана ачык. Мурда Кыргызстандын аймагында болгон жана эми мекенине кайтып бара жаткан Тажикстандын жарандары гана өтө алышат.

Эске салсак, 28-апрелден 1-майга чейин чек арада болгон чыр-чатактын натыйжасында кыргыз тараптан жүздөн ашуун адам жаракат алып, 36 адам набыт болгон, алардын экөө жаш балдар. Тажикстан 19 адам каза болгондугун, алардын тогузу аскер кызматкерлери, ону жөнөкөй жарандар экенин маалымдаган. Андан тышкары 88 адам жаракат алгандыгын билдирген.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы муну аймакты басып алуу максатында жасалган куралдуу баскынчылык деп сыпаттаган, ал эми тажик тарап, тескерисинче, Кыргызстандын кол салуусу деп атаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1748