Жалал-Абадда 3 жашар баланын жансыз денеси табылды
RU

Жалал-Абадда 3 жашар баланын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан 3 жаштагы наристенин жансыз денеси табылды.

Бүгүн, 28-сентябрда саат 11:00 чамасында 2021-жылы туулган баланын жансыз денеси беде талаадагы каналдын боюнда табылган. Милиция тарабынан баланын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында атайын тийиштүү экспертизалар дайындалганы маалым болду.

Белгилесек, 2021-жылы туулган Т.Б. 26-сентябрда саат 13:00 чамасында Ырыс айылынын Кожоназаров көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17499