Балбан Жоламан Шаршенбековдун үлпөт тою өтүп жатат
RU

Балбан Жоламан Шаршенбековдун үлпөт тою өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Олимпиаданын коло байге ээси Жоламан Шаршенбеков менен жубайы Айхандын ак тою өтүүдө. Үлпөт той бүгүн, 30-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде белгиленип жатат.

Бир апта мурда Айхан айымдын кыз узатуу тою Таластын Бала-Саруу айылында өткөн.

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын үч жолку чемпиону, 2020-жылкы Олимпиаданын катышуучусу, ошондой эле башка эл аралык мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүсү. Парижде өткөн Олимп оюндарыны коло медалынын ээси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17526