Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кресло-коляскаларсыз калган. Маселени прокуратура чечти
RU

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кресло-коляскаларсыз калган. Маселени прокуратура чечти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мыйзамдарга ылайык, ден-соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, кыймылы жабыркаган адамдарга мамлекет тарабынан кыймылдап-жылып турууга керектүү техникалык каражаттар берилүүгө тийиш. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жашаган көрсөтүлгөн категориядагы 5 бала көп убакыттан бери кресло-коляска менен камсыз болбогондугу жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саламаттыкты чыңдоо мекемелерине жолдомо алуусу боюнча кыйынчылыктар орун алып келгендиги аныкталган.

Алардын укугун коргоо максатында, Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына прокурордук чара көрүү акты келтирилген. Аны кароонун жыйынтыгы менен 5 майып бала кресло-коляска менен камсыз болуп, мүмкүнчүлүгү чектелген 10 адам курорттук-санаторий мекемелерине жолдомо алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1753