Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова Римге барды. Сүрөттөр
RU

Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова Римге барды. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2-октябрда расмий сапар менен Рим шаарына (Италия Республикасы) барды. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, борт Римдин эл аралык аэропортуна конду.

Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Италиянын тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Кристиано Маджипинто, "Алга, Италия" партиясынан сенатор Франческо Сильвестро, Ватикан тараптан - Ыйык Тактынын архиепискобу Франческо Каналини, Ыйык Тактынын протоколунун жетекчиси Хавьер Фернандаз Гонзалез жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Италияга жана Ыйык тактыга (Ватикан) жасаган сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Министрлер Кеңешинин төрагасы Джорджей Мелони, Депутаттар Палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Мындан тышкары президенттин Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17554