Июнь айында Ысык-Көлдүн пансионаттарында эс алуу канча сом турат? (Баалар)
RU

Июнь айында Ысык-Көлдүн пансионаттарында эс алуу канча сом турат? (Баалар)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушу тапта Ысык-Көлдөгү эс алуу борборлору менен пансионаттар конокторду тосуп алууга кызуу даярданып жатышат

Алардын көпчүлүгү үчүн сезон 1-июнда гана башталат, бирок айрымдары май айынын ортосунан тарта эшиктерин ачышкан же жылы бою иштетишет.

Буга чейин Kaktus.media редакциясы Кыргызстандан Түркияга эс алууга кантип барса болорун жана ага канча каражат керетелээрин айтып берген.

Биз бүгүн өлкө ичинде эс алууну каалагандар үчүн бааларды карап чыктык.

Кымбат пансионаттар

Ысык-Көлдөгү эң кымбат пансионаттагы баалар бир адамга күнүнө орто эсеп менен 1000 сомго жогорулаган. Эгерде мурунку жылдары бир бөлмөнү 4 миң сомдон ижарага алса, азыр ал 5 миңден жогору турат.

Көбүнчө, бул баага жатакана менен таңкы тамак кирет. үч маал ысык тамак үчүн эс алуучулар кошумча төлөм жүргүзүүсү керек.

Айрым эс алуу борборлорунун сайттарында баалар доллар менен жазылган жана ал иш жүзүндө өзгөргөн деле жок. Бирок сомго которгондо, ижара акысы орто эсеп менен 500-1000 сомго көтөрүлгөнүн байкоого болот.

Ортоңку сегмент

Ортоңку сегмент үчүн баалар өзгөргөн деле жок. Июнь айындагы баалар дээрлик былтыркы бойдон калган.

Пансионат ээлеринин айтымында, алар сезон кандай болоорун азырынча билишпейт ошондуктан бааларды көтөрүүгө шашылышкан жок. Так баалар июнь айында жарыяланат. Алар жатаканага болгон баа былтыркы бойдон кала берээрин жана азык-түлүк баасынын жогорулашынан улам тамак-аштын баасы кымбаттай турганын айтышты.

Кээ бир конок үйлөрү ар кандай акцияларды башташты. Маселен, 15-июнга чейин эс алсаңыз жарым баасын гана төлөйсүз. Сезон учурунда 3,5 миң сом турган эки кишилик бөлмөлөр эми 1,5 миң сомго эле ала аласыз. Бул баа тамак-ашка тийиштүү эмес.

Экономкласс

Эконом класстагы конок үйлөрүндө июнь айында бир керебеттин баасы 500 сомду түзөт. Бул тамак-аш сырткары чыгым. Үч маал тамак үчүн өзүнчө төлөм алынат, негизи ал 750-800 сом турат.

Мини пансионаттардын жана конок үйлөрүнүн ээлери мындан да төмөн бааны сунуштаганга даяр. Анткени быйылкы кризистен улам эл аларга барбай калуусу күтүлүүдө.

"Мурунку жылдары кымбат пансионатта эс алгандар быйыл деле кымбат пансионатттарда эс алышат. Чек аралар жабык болгондуктан эс алуу үчүн чет жакка чыккандан кооптонушат. Ал эми бизге негизинен азыраак акча тапкандар келишет. Пандемиядан улам көпчүлүк кризиске кептелип, акчасы жок отурат ошондуктан эс алуудан баш тартып коюшу толук ыктымал. Бизге киреше киреби деп арсар абалда турабыз", - деген оюн билдирген алар.

Ошол себептен эс алуучуларды кызыктырыш үчүн, бөлмөлөрдүн арзан баалары сезондун аягына чейин сакталышы мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1762