Соттор кеңеши Замирбек Базарбековдун отставкасын кабыл алды
RU

Соттор кеңеши Замирбек Базарбековдун отставкасын кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Судьялар кеңеши 9-октябрда жыйын өткөрүп, анда Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековду өз арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызын канааттандырды. Бул тууралуу Судьялар кеңешинен билдиришти.

"Базарбековду Жогорку Соттун төрагалыгынан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу сунушу президентке жөнөтүлдү", - дешти кеңештен.

Эске салсак, Замирбек Базарбековдун кызматтан кетери 9-октябрда белгилүү болгон. Жогорку Сот бул маалымат боюнча комментарий берген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17630