Замирбек Базарбеков Жогорку Соттун төрагасы кызматынан бошотулду
RU

Замирбек Базарбеков Жогорку Соттун төрагасы кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Замирбек Базарбеков Жогорку Соттун төрагасы кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясынан кабарлашты.

Белгилесек, Замирбек Базарбековдун кызматтан кетери 9-октябрда белгилүү болгон. Соттор Кеңеши ошол эле күнү Базарбековдун арызыз канааттандырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17649