Ирина Карамушкина: Полковник кол алдында иштегендерди өз чарбасында кул катары колдонот
RU

Ирина Карамушкина: Полковник кол алдында иштегендерди өз чарбасында кул катары колдонот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Ирина Карамушкина Баткен облусунун тургундары жана "кул катары колдонулган" аскер кызматкерлеринин көйгөйлөрүн чечип берүүнү министрлер кабинетинен өтүндү. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, "тажик согушкерлеринин аскердик баскынчылыгынан" кийин Баткен облусунун инфраструктурасына көңүл буруу керек.

Карамушкина Лейлек районунун Сада айылынын тургундары ага 1 миллион сомго курулган насосту көрсөтүшкөнүн айтты. "Бирок андан тамчы суу чыккан эмес. Мен өкмөттү жарандар менен мамлекетти алдап кеткендерди жазалоого чакырат элем. Анысы аз келгенсип аталган айылдын жашоочулары Тажикстандан келген электр энергиясын 2,7 сом төлөп колдонушат экен. Биздин зым карагайларды орнотолу, өзүбүз өндүргөн электр энергияны колдонушсун ", - деди депутат.

Ошондой эле, ал Тажикстанда туткунга түшкөн Исфана шаарынын төрт тургуну учурда улуттук госпиталда реабилитациядан өтүп жаткандыгын белгилеп. Алардын ар бирине 8 миң сомдон төлөп беребиз деп убада кылынганын, бирок алар ал акчаны дале ала электигин кошумчалады.

"Мындан сырткары Коргоо министрлигинде мыйзам бузуулар көп катталып жатат. Маселен полковник Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы чарбасына кол алдындагыларды иштетип жатыптыр", - деди Карамушкина.

Депутат бул иш боюнча жетекчилердин чара көрүүсүн өтүндү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1769