Улукбек Марипов Минск шаарына барып Лукашенко менен жолугат
RU

Улукбек Марипов Минск шаарына барып Лукашенко менен жолугат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Минск шаарында өтүүчү Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Билдирүүдо жазылгандай, кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылары жана делегация мүчөлөрү интеграция жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулайт.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жана Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкууламакчы.

Мындан тышкары, делегация башчыларын Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко кабыл алат.

Кыргыз делегациясынын курамына төмөндөгүлөр кирген:

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков,
  • Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын КМШ уставдык жана башка органдардагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмек Ибраимов,
  • Ички иштер министринни биринчи орун басары Нурлан Ниязалиев,
  • КМШ Экономикалык кеңешиндеги экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова,
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1770