Айгүл Жапарова коронавирус инфекциясынан вакцина алды
RU

Айгүл Жапарова коронавирус инфекциясынан вакцина алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун жубайы, Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова коронавирустук инфекцияга каршы вакцинациядан өттү. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына президенттин администрациясынан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, биринчи айымдын абалы жакшы.

Айгүл Жапарова вакцина алуунун убактысы жана дозасы жазылган эмдөө картасы менен бейджик алды. Бирок кайсы вакцинаны Sinopharm же Sputnik алганын президенттин администрациясы айтып берген жок.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кытай вакцинасын акысыз алса болот, ал эми россиялык вакцина 65 жаштан жогорку курактагыларга гана бекер жасалат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1772