Бишкекте жеңил унаалар кагышып, аял менен бала каза болду
RU

Бишкекте жеңил унаалар кагышып, аял менен бала каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жол кырсыгынан аял менен 11 жаштагы бала каза болду. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан маалымдашкандай, дагы 3 адам жаракат алышкан.

Окуя 17-октябрда саат 23:30 чамасында Масалиев менен Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

1989-жылы туулган И. уулу Д. Hyundai Sonata унаасы менен баратып жолдун кесилишинен 2004-жылы туулган А.И.нин башкаруусундагы Toyota Yaris менен кагышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен Hyundai Sonata унаасынын жүргүнчүлөрү - 1990-жылы туулган А.А. шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, ал эми 2013-жылы туулган Э.Э. балдар ооруканасында каза болгон. Ошондой эле ар кандай жаракаттар менен айдоочулар И. уулу Д., 2004-жылы туулган А.И. жана 2010-жылы туулган С.А. аттуу жүргүнчү аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаалар айып короосуна токтотулду. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17732