Бишкекте кумар оюндарын жашыруун өткөргөн жай аныкталды
RU

Бишкекте кумар оюндарын жашыруун өткөргөн жай аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жашыруун кумар оюндарын уюштурган жер аныкталып, уюштуруучулары кармалды. ИИМдин маалыматына ылайык, покер оюндары конок үйдө өткөрүлүп келген.

Белгилүү болгондой, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча маалымат алынган.

Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси "кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу" боюнча кылмыш иши козголгон.

Узак мөөнөттүү ыкчам иштердин жүрүшүндө жашыруун кумар оюндары (покер) Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсүндө жайгашкан конок үйдө өткөрүлгөнү такталган.

Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууга 1994-жылы туулган Ш.Р. жана 1993-жылы туулган К.С. шектелип, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17733