Табарсыгынан ок алынды. Кара - Суудагы ок жеген балага операция жасалды
RU

Табарсыгынан ок алынды. Кара - Суудагы ок жеген балага операция жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда тир мылтыгынан жаракат алган 6 жашар балага операция жасалды.

Баладан тир мылтыгынын огу алынып, абалы туруктуу экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Эске салсак, 19-октябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 2018-жылы туулган П.С. аттуу бала денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2012-жылы туулган М. кокусунан тир мылтыгы менен 6 жаштагы инисин ичине атып алганы белгилүү болгон. Дарыгердин айтуусу боюнча, баланын ички органдары жабыркаган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17745