Өлкөдө күчү 4,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталды
RU

Өлкөдө күчү 4,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 20-октябрда саат 23:44тө болду.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга (Нура айылынан 29 чакырым түштүк батышта, Икизяк айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Эркештам айылынан 35 чакырым түштүк батышта, Көк-Суу айылынан 34 чакырым түштүк чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 35 чакырым чыгышта) чейин сезилген.

ӨКМнын алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17747