Нарында мал кайтарып жүргөн эки жаран дайынсыз болуп изделүүдө
RU

Нарында мал кайтарып жүргөн эки жаран дайынсыз болуп изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Өрнөк айылында мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болуп жаткан эки тургун дайынсыз жоголду. Бул туурасында ӨКМдан кабарлашты.

Дайынсыз жоголгондорду издөөгө бүгүн, 21-октябрда 12 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 65 адам, жалпы 97 адам тартылды.

Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары 16-октябрдан бери дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Ошондон бери жеринде издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17750