Депутат аны токтоткон МАИ кызматкерлери жумуштан алууну талап кылды
RU

Депутат аны токтоткон МАИ кызматкерлери жумуштан алууну талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Сайдулла Нышанов Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери токтоткондугу тууралуу айтып берди.

Бүгүн, 31-майда, бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында, Нышанов Токтогул өтмөк пунтктунда аны автоинспекторлор токтоткондугун, бирок машинесинин жанына басып келбегенин айтты.

"Мен 3-4 мүнөт күтүп, андан кийин кетип калдым. Видеодон деле көрсөңөр болот. Будканын жанында камералар бар болчу. Алдар кимге иштеп жатышат? Эгер ушинтип иштей турган болсоңор демек, президенттин душманысыңар, элдин душманысыңар. Аларды жумуштан бүгүн кетириш керек, эртең кеч болот", - деп депутат Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовго кайрылды.

Ошондой эле анын айтымында, Сосновка айылындагы постто турган инспекторлор бардыгынан пара алышат.

"Алар үчүн 20 сом алганы учурушканга барабар. Кээде 100 сомго чейин алышат экен. Алардын айлыгы 19-20 миңге чейин көторүлбөдүбү. Постто тургандарга дагы кошуп бериш керек окшойт", - деп Нышанов сунуштады.

Урмамбетов ИИМдин кызматкерлери анын ичинде инспекторлор элге кызмат өтөөгө милдеттүү экендигин белгиледи.

"Туура айтып жатасыз. Биз бардык постторду борбордук аппарат менен бириктирүүнү пландаштырып жатабыз. Коррупциянын алдын алуу максатында камераларды орноттук. Инспекторлордун ишине көзөмөл жүргүзүп, маалыматты тактап, чараларды колдонобуз", - деп ИИМдин министринин орун басары убадалады.

Нышанов белгилегендей, постто иштеп жаткандар "жогору жактагылардын чечими менен" жөнөтүлөт.

"Сырттан келген бирөө ал жерге кирип иштей албайт. Айдоочулардан чогулткан акчасы менен бөлүшкөндөр гана иштешет. Эгер эркиңиз жетсе, бул көйгөйдү чечесиз. Жөн эле министрдин орун басары болуп дайындалбасаңыз керек", - деп Урмамбетовго айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1776