Бишкектеги көпүрөдөн эркек киши секирип кетти
Бишкектин Манас кең көчөсүндөгү көпүрөдөн эркек киши секирип кетти. Тилекке каршы, ал каза болуп калганын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Бүгүн, 24-октябрда саат 08:50 чамасында милицияга көпүрөдөн белгисиз киши секирип кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркумдун аты-жөнүн, окуянын жагдайларын тактап жатышат.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17773
