Өлкө боюнча Жалпы республикалык тестирлөө башталды
277
Бүгүн, 18-майда өлкө аймагында Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) старт алды. Тестирлөө 23-майга чейин уланат.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, быйыл ЖРТ тапшыруу үчүн 65 миң 412 бүтүрүүчү каттоодон өткөн. Экзамен өлкөнүн бардык аймактарында атайын бекитилген борборлордо өткөрүлүп жатат.
ЖРТнын жыйынтыгы абитуриенттердин жогорку окуу жайларга тапшыруусунда негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп эсептелет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17837