Чүй облусунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды (абайлаңыз, видео)
RU

Чүй облусунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды (абайлаңыз, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жүрөктүн үшүн алган бул жол кырсыгы Чүй облусунун Степное айылында болгон. Анда жеңил унаа оор жүк ташуучу унаа менен кагылышып, натыйжада жүк ташуучу унаа оодарылып калган. Кырсыктын күбөсү видеону редакцияга жөнөткөн.

Анын айтымында, кырсык эртең менен, болжол менен саат 08:30 чамасында болгон. Жабыркагандар тууралуу толук маалымат азырынча белгисиз. Чүй облусунун Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылды.

Көңүл буруңуз! Жашык, сезимтал адамдар видеону көрбөшү керек!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1783