Балыкчыдан Кочкорго чейин поезд расмий түрдө жүрө баштады
Нарын облусунда Балыкчы-Кочкор темир жолунун алгачкы бөлүгү расмий пайдаланууга берилди. Жаңы каттамдын ачылышына Президент Садыр Жапаров катышып, поезд менен Кочкорго чейин барып келди.
Жаңы темир жолдун узундугу 63 чакырымды түзөт. Бул келечекте Кара-Кече жана Макмал тарапка улантылуучу ири долбоордун биринчи этабы болуп эсептелет.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Президент темир жолду кыргызстандык инженерлер жана куруучулар өз күчү менен куруп чыкканын белгиледи. Анын айтымында, бул өлкөнүн ири инфраструктуралык иштерди өзү аткара аларын көрсөткөн маанилүү кадам болду.
Ошондой эле курулуш чет өлкөлүк компаниялар сунуштаган баага караганда кыйла үнөмдүү бүткөнү айтылды. Долбоорду ишке ашырууда тоолуу аймактарда, аскалуу жерлерде жана башка татаал тилкелерде чоң көлөмдөгү иштер аткарылган.
Президенттин айтымында, жакынкы жылдары Кочкордон Кара-Кече жана Макмалга чейин темир жолду улантуу пландалууда. Келечекте бул багыт Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол долбоору менен байланышып, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров темир жолдун акыркы бурамасын атайын ачкыч менен бекемдеп, жаңы каттамдын расмий ачылганын символдук түрдө белгиледи.