Саясий кризистен улам Кыргызстан $128 млн инвестициядан кур калат
RU

Саясий кризистен улам Кыргызстан $128 млн инвестициядан кур калат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясий кризистен улам Кыргызстан $128 млн инвестициядан кур калат. Мындай билдирүүнү Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков жасады.

Ушул жылдын жаз айларынан тартып тейлөө көрсөтүү тармагы жабыркады, ал эми 5-октябрдан кийинки окуялар кырдаалды ого бетер курчутту, дейт Аскар Сыдыков.

Анын айтымында кийинки жылы инвестициялардын көлөмү $128 миллионго төмөндөшү күтүлүүдө. Мындай божомолдоолор негизинен саясий кризиске байланыштуу, деди Сыдыков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/178