Шайлоо болгонго чейин Андрей Сопуев КММАнын башчысы болуп турат
RU

Шайлоо болгонго чейин Андрей Сопуев КММАнын башчысы болуп турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Андрей Сопуев, Ахунбаев атындагы КММАнын убактылуу ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Маалыматты ал өзү Kaktus.media редакциясына тастыктады.

Сопуевдин айтымында, ал 25 күндөн бери ректордун убактылуу милдетин аткаруучу кызматын аркалоодо. Ал дайындалган күн так эсинде жок экенин билдирди.

Сопуев жаңы ректор дайындалганга чейин академиянын башчысы болуп иштейт.

Эскерте кетсек, 28-майда КММАга 150гө жакын адам чогулуп, алар ректорду шайлоону өткөрүлүүсүн талап кылышкан. Андан мурдараак Саламаттыкты сактоо министри КММАнын ректорун шайлоого эч кандай тиешеси жок экендигин айткан. Бирок митингчилер ишенишкен эмес.

Индира Кудайбергенованы колдоп нааразычылык акциясына чыккандардан айбыккан окумуштуулар кеңеши шайлоону өткөрүү чечимине келишкен эле.

Ректорду шайлоо бүгүн 29-майда болгону турат.

Ректорлук кызматка төрт адам ат салышууда:

  • Айдаров Зиябидин Абдирайимович;
  • Алымбаев Эркин Шакирович;
  • Кудайбергенова Индира Орозобаевна;
  • Шаршембиев Жолдошбек Асангазиевич.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1792