Бишкекте мамлекеттик ишкананын 6 кызматкери тамак-ашка ууланды
55
Бишкекте мамлекеттик мекеменин 6 кызматкери тамак-ашка ууланды. Бул туурасында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти маалымдады.
Департаменттин билдирүүсүндө кызматкерлер түштө жеген тамак үй шартында жасалганы айтылат.
Натыйжада 6 кызматкер ууланып, медициналык жардамга кайрылган. Анын ичинен экөө ооруканага жаткырылса, төртөө үйдөн дарыланууга жөнөтүлгөн.
Адистер ысык мезгилде тамак-аштын, айрыкча үйдөн алып келген тамактардын же майрамдардан кийинки кешиктердин сактоо шарттарына жана жарактуулук мөөнөтүнө көңүл бурууга чакырышат.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17985
