Министрлер кабинети жаңы гимнди тандоо боюнча эрежелерди өзгөртөт
Министрлер кабинети мамлекеттик гимндин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча сынактын форматы өзгөртөт. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков Конституциялык мыйзамдар комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 14-майдагы комитеттин жыйынында ачык сынактын ордуна авторлорго жана чыгармачыл бирликтерге мамлекеттик тапшырык берүү жана мөөнөтүн 1-декабрга чейин узартуу чечими кабыл алынган.
"Ачык сынак күтүлгөн натыйжаларды берген жок, ошондуктан бул долбоорду мамлекеттик тапшырык аркылуу ишке ашыруу сунушталууда", - деди министрдин орун басары.
Эске салак, гимнди өзгөртүү демилгесин 2024-жылы ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу көтөргөн. Кийинчерээк президент бул сунушту колдогон. Маданият министрлиги сынак жарыялап, парламенттин кароосуна жаңы гимндин үч вариантын сунуштаган. Бирок парламент алардын баарын четке каккан. Ошентип кайрадан сынак жарыяланган эле.
