"Ала-Арча" эс алуу паркына кирүү тарифи жогорулады
RU

"Ала-Арча" эс алуу паркына кирүү тарифи жогорулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ала-Арча" жаратылыш паркына кирүү баасы жогорулады. Аталган парктан кабарлашкандай, баалар 8-июнда өзгөргөн.

Эми парктын аймагына кирүү:

  • чоңдор үчүн - 250 сом;
  • 7 жашка чейинкилер үчүн - акысыз;
  • 7 жаштан 14 жашка чейнкилер үчүн - 180 сом;
  • электромобилдер үчүн - 880 сом төлөнөт.

Парктын администрациясы акыркы тарифтердин көтөрүлүшүнүн себептерин түшүндүргөн жок.

Эгер сиз таза абада эс алууну, дарыянын жээгинде сейилдөөнү пландап жаткан болсоңуз жогорудагы өзгөрүүлөрдү эске алыңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17997